Биз менен байланышыңыз

УКМК синтетикалык баңгизаттарды таратуу фактылары көбөйгөнүн маалымдады

Кыска кабар | 27 Июн 2024 | 204 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстанда синтетикалык баңгизаттарды таратуу фактылары көбөйгөнүн маалымдады.

Атайын кызмат өлкө боюнча баңгизаттарды өндүрүүчүлөрдү, таратуучуларды жок кылуу боюнча активдүү иш алып барууда.

«Заманбап синтетикалык дары — бул ар бир адам үчүн эң коркунучтуу «капкан». Өзгөчө, 25 жашка чейинки өспүрүмдөр жана жаштар арасында тобокелдик көбүрөөк болуп саналат. Андыктан ата-энелерге балдарынын көзөмөлдөөгө, алар менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле синтетикалык баңги заттарды колдонуунун коркунучтуу кесепеттери жөнүндө көбүрөөк маалымат берип туруу сунушталат» , — деп билдирет УКМК.

Атайын кызмат тургундарды баңгизаттарды жана психотроптук заттарды таратууга байланышкан бардык фактылар боюнча: 0312-66-04-75 ишеним номурлары  аркылуу билдирүүгө чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM