Биз менен байланышыңыз

ЖК комитети Улуттук банктын төрагалыгына Тургунбаевдин талапкерлигин колдоду

Кыска кабар | 26 Июн 2024 | 217 | 0

Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Улуттук банктын төрагалыгына Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин карап, колдоду.

Президент Садыр Жапаров көрсөткөн Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин парламент жалпы жыйынында карайт.

Президенттин Жарлыгы менен Мелис Тургунбаев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бүгүн бошотулду.

Мыйзамга ылайык, Улуттук банктын төрагасы Жогорку Кеңештин чечими менен кызматынан бошотулат же дайындалат.

Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаевди өз арызынын негизинде кызматынан бошотууга макулдук берди.

Мелис Тургунбаев 2023-жылдын март айынан бери экология министри болуп иштеп келди. Ал «Кыргызмунайгаз» ААКынын башкы башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалаган. Экономика илимдеринин доктору, ошондой эле Эл аралык кесипкөй директорлор ассоциациясынын мүчөсү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM