Биз менен байланышыңыз

Министрлик: ЖМК боюнча мыйзам долбоору толукталып иштелип чыкты

Кыска кабар | 25 Июн 2024 | 104 | 0
Cүрөт интернеттен алынды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Президенттин Администрациясынын тапшырмасына ылайык, тиешелүү мамлекеттик органдар жана медиакоомчулук менен бирге “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыкты.

Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

28-июнда саат 10:00дө Улуттук тарых музейинин чоң залында ЖМК боюнча жаңы иштелип чыккан долбоор талкууланат. Ага Жогорку Кеңештин, мамлекеттик органдардын, медиакоомчулуктун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана бардык кызыкдар тараптар чакырылды.

«ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн Садыр Жапаров 2022-жылы декабрда жумушчу топ түзүп, жетекчилигине Президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушовду дайындаган.

Мыйзам долбоору 55 беренеден турат. Анда Кыргызстандагы медиамекемелердин иштөө тартиби, маалымат топтоо жана аны таратуу жол-жоболору жазылган. Документте 1992-жылдын 2-июлундагы «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» колдонуудагы мыйзам эскирип, азыркы замандын чакырыктарына жооп бербей турганы айтылган.

Быйыл мартта президенттин тапшырмасы менен «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоору кайтарып алынганын мамлекет башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов кабарлаган.

Copyright © 2017 Maral FM