Кыргызгидромет билдиргендей, 25-июнда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Түштүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +21…+26,
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +32…+34 градус ысык.