Биз менен байланышыңыз

Коррупция: Президент сүрөтүн көрсөтүп, атын колдонгондорго ишенбөөгө чакырды

Кыска кабар | 24 Июн 2024 | 183 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук агенттигине маек куруп, өзүнүн атын пайдаланып, коррупциялык иштерге баргандарга бөгөт коюунун үстүндө иштеп жатканын айтты.

Садыр Жапаров 2020-жылы жана андан кийин миңдеген адам өзү менен сүрөткө түшүшкөнүн, алар ошол сүрөттөрүн көтөрүп алып айрым чиновниктерди коркутуп, маселесин чечтирген учурлар болуп жатканын билдирди. Мындай фактылар тууралуу өзүнө кечирээк жетип жатканын кошумчалады.

«Коррупция жок деген өлкөлөрдө деле 5-10 пайыз коррупция болот экен. Себеби пенде экенбиз да. Акчаны көргөндө жолдон адашат экенбиз. Бирөөнү кармап камап атсаң экинчиси ала берет экен, экинчисин кармап камап атсаң үчүнчүсү ала берет экен. Менин атымды сатып, жакын тууганы болом деп өз кызыкчылыгына иштегендер болот экен. Анын баары мага кечирээк жетип калып жатат. Бирок андайлардын баарын аяп олтурбастан дароо камагыла деп буйрук берип, каматып коюп жатам. Биздин менталитетке жараша болсо керек. Тилекке каршы, жакын тууганымын же жакын таанышымын десе эле ишене берген адамдар көп болот экен. Тескерисинче, ошондой аферисттерге ишенбеш керек экенин билишпейт. 2020-жылы жана андан кийин деле канчалаган кишилер келип мени менен сүрөткө түшүшкөн. Алар миңдеп саналат. Ошол сүрөттөрүн көтөрүп алып айрым чиновниктерди коркутушат экен. Мына көрдүңбү? Мен жакыны болом, баланча маселемди чечип бер деген сыяктуу. Учурдан пайдаланып айтып коеюн. Жардам бермек түгүл ошондойлорду кууп чыккыла демекчимин. Же социалдык түйүндөр аркылуу андай аферисттерди мага билдиргиле. Мен өзүм жазасын берем.

Азыр эми ошондойлорго кантип бөгөт коюунун үстүндө иштеп жатам. Акыры мындайларга дагы чекит коюуга жетишебиз. Анткени бажы менен салык тармагы республикалык бюджеттин дээрлик 90 пайызын түзүүчү тармактар. Бул эки тармакка катуу көзөмөл кылбасак болбойт».

Copyright © 2017 Maral FM