Биз менен байланышыңыз

ЖК комитети мектепте телефон колдонууга чектөө киргизүү сунушун колдоду

Кыска кабар | 24 Июн 2024 | 111 | 0

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Жалпы билим берүүчү уюмда мобилдүү түзүлүштү пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Тагыраагы, комитет мүчөлөрү мектептерде уюлдук телефондорду колдонууга чектөө киргизүү сунушун колдошту.

Демилгечи депутаттардын бири Нурланбек Азыгалиев белгилегендей, мыйзам долбоору кибербуллинг чɵйрɵсүндɵгү тобокелдиктер сыяктуу кесепеттерден балдарды жана ɵспүрүмдɵрдү коргоо максатында иштелип чыкты.

Ошондой эле окуучуларга мобилдик аппараттарды колдонууда туура адаттарды калыптандырууга жана сабакта убактысын эффективдүү башкарууга жардам берүүнү көздөйт.

Мектеп администрациясы билим берүү мекемесинин аймагында уюлдук телефондорду колдонуунун ички эрежелерин иштеп чыгышы керек.

2022-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов мектептерде сабак болуп жаткан учурда окуучуларга телефон колдонууга тыюу салууну сунуштаган мыйзам долбоорун демилгелеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM