Биз менен байланышыңыз

Жайыл районунда алты баланын өмүрүн алган кырсык боюнча айдоочу кармалды

Кыска кабар | 21 Июн 2024 | 409 | 0

Чүй облусунун Жайыл районунун Алтын айылында алты баланын өмүрүн алган жол жол кырсыгы боюнча айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Милициянын маалыматына караганда, кырсык 20-июнда Алтын айылынын түндүк тарабында жайгашкан №3 көлмөдө болгон. “Фольксваген жетта” үлгүсүндөгү автоунаа көлмөгө түшүп кетип, алты бала каза тапкан.

Айдоочу көлмөдө спирт ичимдигин ичип, болжол менен саат 18:30 чамасында унаасы менен бурулуп жатып, дөңсөөдөн оодарылып, ичиндеги жүргүнчүлөр менен бирге сууга түшүп кеткен.

Унаанын ичинен айдоочу келинчеги, ымыркай кызы, балдызы жана анын кызы автоунаадан чыгышып, калган жүргүнчүлөр көлмөгө чөгүп каза болушкан.

Бул факты боюнча соттук-укуктук экспертизалар дайындалган. Алдын ала териштирүү учурунда чогултулган материалдардын негизинде кылмыш иши козголду. Айдоочу №3 көлмөдө сууга түшүүгө болбойт деген эскертмеге көңүл бурган эмес, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Copyright © 2017 Maral FM