Биз менен байланышыңыз

Баткенде эки жашар кызды сабаганга шектелип өгөй атасы кармалды

Кыска кабар | 12 Июн 2024 | 172 | 0

Баткенде эки жаштагы кыз денесинен жараат алып, 7-июнь күнү облустук биргелешкен оорукананын сыныктар бөлүмүнө түшкөн.

Бул факты Баткен райондук милициясы тарабынан катталып, текшерүү иштери жүрө баштаган.

Милициянын маалыматына караганда, окуя наристеге байланыштуу болгондуктан Баткен ОИИБнин ыкчам тергөө тобу түзүлүп, тыкыр иликтенип, Кылмыш жаза кодексинин 138-беренесинде (Уруп-сабап кыйноо) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча иш козголду.

Тергөөнүн жүрүшүндө, Баткен районунун Бужум айылынын 40 жаштагы тургуну Ж.Т. шектүү катары суракка алынып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Милицияга наристенин таенеси кайрылган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, наристе ооруканага түшкөндөн бери комада жатат. Жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган. Абалы өтө оор деп бааланууда.

Copyright © 2017 Maral FM