Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Курман айт күнү намаз мечиттерде окуларын билдирди. Быйыл Курман айт 16-июнга белгиленген.
Айт намаздын программасы:
Таңкы саат 06:15-07:25 баяндар айтылат.
07:25-7:30да Айт намаз окуу эрежесин түшүндүрүү, саффан сааф айтуу;
07:30да Курман айт намазы окулат.
Былтыр Курман айт намазы эски «Ала-Тоо» аянтында окулган.