Биз менен байланышыңыз

«Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга 4 млрд доллар керектелет

Кыска кабар | 11 Июн 2024 | 269 | 0

«Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга 4 миллиард доллар керектелет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Венада өткөн эл аралык энергетикалык инвестициялык форумда айтты.

Даярдык иштерине 44,1 млрд сом кетерин жана бул иш эки этапка бөлүнгөнүн кошумчалады. Ал ГЭСти куруу үчүн Министрлер кабинети 2024-2030-жылдарга мамлекеттик бюджеттен кошумча 500 млн доллар бөлөөрүн билдирди.

Долбоор Борбор Азия чөлкөмү үчүн да кеңири экономикалык, экологиялык, социалдык пайдаларды алып келерин белгиледи. Мындан тышкары, ГЭС региондун энергетикага болгон суроо-талабын канааттандыруу жана энергетикалык коопсуздукту жогорулатуу үчүн негизги мааниге ээ экенин кошумчалады.

«Станция Нарын дарыясынын жогорку агымында жайгашкан. Белгиленген кубаттуулугу жылына орточо 5,6 миллиард киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгаруу менен 1860 мегаватты түзөт. Суу сактагычтын пайдалуу көлөмү 2,870 млн м³. Курулуштун алдын ала баасы 4 миллиард доллардан ашат. Камбар-Ата-1 ГЭСинин башкы планына таштарды толтуруучу дамба, төрт гидроагрегаты бар ГЭСтин имараты, курулуш жана эксплуатациялоочу агындыларды жана транспорттук тоннелдерди, курулуш-өндүрүштүк имаратты, турак-жай шаарчасын, суу сактагычтарды жана суу тазалоочу курулмаларды куруу үчүн аянтчалар кирет”, — деди ал.

Жапаров эл аралык каржы институттарын, инвесторлорду жана компанияларды климаттын күн тартибиндеги заманбап чакырыктарына толук жооп берген энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды.

Вена шаарында энергетикалык инвестициялык форум өтүп жатат, анын негизги темасы “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу долбоору болду.

Форум Дүйнөлүк банк тобунун колдоосу жана Австрия өкмөтүнүн көмөгү менен Кыргызстандын министрлер кабинети тарабынан уюштурулган.

Copyright © 2017 Maral FM