Биз менен байланышыңыз

Соодагерлер салык системасына дагы нааразычылык билдирди

Коом , Экономика | 10 Июн 2024 | 1820 | 0

10-июнда Бишкекте жайгашкан «Дордой Моторс» базарында соодагерлер нараазылык акциясына чыгышты. Алар 1-июнда ишке аша турган жаңы салык сиситемасына өзгөртүү киргизүүнү суранып,президентке кайрылышты. Соодагерлер каасалык көзөмөл аппаратты колдонууга макул болуп, бирок электрондук коштомо кагазды (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) ны колдонууга каршы пикрилерин билдиршти.

«Дордой Моторс» базарында соода кылган Мелис Бакачиев мурдагыдай эле патент менен соода кылып, бирок салыгын көбөйтүп иштесе ишкерлерге жакшы болмок дейт. Себеби жаңы салык режими тууралуу соодагерлердин көпчүлүгү канча каражат төлөрүн жакшы түшүнбөй жатат деген пикирде.

«Жаңы салык режимин эч ким түшүнбөй жатат. Салыкчылар өздөрү да түшүнбөй эле. Ошондуктан, патентти эле калытырып, салыгын көбөйтүп берип койсо жакшы болмок. Жаңы салык режими аркылуу өкмөт контрабандисттерди кармайбыз деп жатышат. Анда бажы кызматы эмнеге турат, ошол жактан кармасын. Ошол жактан өлкө ичине тарайт».

Базарда тирилигин өткөргөн соодагер Нүргүл Кыргызбаева кассалык көзөмөл аппарат колдонууга каршы эмес экенин айтып, бирок электрондук коштомо кагазды (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга каршы пикирин билдирди. Себеби аны колдонуу үчүн атайын эсепчи жалдап, ага маяна төлөө керек. Ал ашыкча чыгым жана соодагерлердин убактысын алат, — дейт.

«Электрондук коштомо кагазды (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга каршыбыз.ККМ апаратын эле басып берсек жетиштүү болмок. Биз бардык жумушту өзубуз кылабыз. Убакыт да жок. Эсепчи жалдаш керек экен. Ага 50 миң сомдон өйдө маяна берүү керек экен. Биз үчүн бул ашыкча чыгым. Биз салыктан качпайбыз, жеңилдетилген турдө кылып берсин.Ошону гана суранбыз».

«Дордой-Дыйкан» базарынын профсоюздук комитетинин мүчөсү Зиябидин Максүтовдун айтымында, жаңы салык режиминин талаптарына ылайык соодагерлер талаптарды аткарууга аракет кылып, бирок оңунан чыкпай жатканын айтты. Ошондой ККМ апараты барына бекер берилбей турганын кошумалады.

«Соодагерлер электрондук коштомо кагазды (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) басып чыгарууга аракет кылышты. Бирок экөөнү тең жаза албай жатышат. Бул нерсе ишкерлер үчүн абдан таттаал болуп жатат. ККМ барына бербейт экен. Пенсия алгандарга жана ККМди алууга шарты жокторго берилет. Анын баасыф 8000-15000 сомго чейин. Биз 8500 миң сомдукту алалы дегенбиз. Анын көлөмү 53мм экен. Кардарга чек чыгарып берсек,аталыштары чыкпай аны кол менен жазууга аргасыз борлуп калат экенбиз.Бул соодагерлер үчун ашык убаркерчилик».

Эске салсак, 2023-жылы декабрь айларында базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы экенин билдирип,нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Ушундан улам ККМди милдеттүү колдонуунун мөөнөтү ушул жылдын 1-июль айына чейин чейин жылдырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM