Биз менен байланышыңыз

Бейшеналиев боорду алмаштыруу операциялары бекер жасаларын айтты

Кыска кабар | 10 Июн 2024 | 158 | 0

Боорду алмаштыруу боюнча бардык операциялар президенттин фондунан каржыланарын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, боорду алмаштыруу боюнча бир операция 25-30 миң долларды түзөт.

Маалыматка караганда, боорду алмаштыруу боюнча программанын ийгиликтүү башталышы үчүн президенттик фонддон 1 млн доллар бөлүнгөн.

Бул каражат кыргыз-түрк достук ооруканасына керектүү жабдууларды сатып алуу жана орнотууга, медициналык процедуралардын сапатынын жана коопсуздугунун жогорку стандарттарын камсыз кылууга багытталган.

10-11-июнда Кыргызстандагы кыргыз-түрк достугу ооруканасында биринчи жолу боорду алмаштыруу операциялары жасалат.

Быйыл январда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркия мамлекетинин Малатья шаарына барып, Инөнү медициналык университетинин иши менен таанышкан. Иш сапардын алкагында министр боорду алмаштыруу операциясына катышкан. Жыйынтыгында кызматташтык боюнча келишим түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM