Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен «Газпром» газ берүү келишимин 2040-жылга чейин узартты

Кыска кабар | 10 Июн 2024 | 254 | 0

Кыргызстан жана Орусиянын «Газпром» компаниясы 2040-жылга чейин өлкөгө газ жеткирүү боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

7-июнда Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында “Газпром” ачык акционердик коомунун төрагасы Алексей Миллер менен Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраевдин жолугушуусу болду. Тараптар Кыргызстандын калкын газ менен камсыз кылуу боюнча кызматташуу маселелерин талкуулады.

Ошондой эле «Газпром Кыргызстан» ишканасы менен «Электр станциялары» ишканасы, «Бишкек жылуулук энерго» коммуналдык ишканасы ортосунда калкты жаратылыш газы менен камсыз кылуу боюнча узак мөөнөттүү келишимдер түзүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM