Экологдор, жарандык активисттер Бишкек шаарындагы жолдордун кеңейтүү иштеринде бактардын кыйылышына каршы бийликке кайрылуу жасашты.
Кайрылуу шаар мэри Айбек Жунушалиевге, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиевге, Жогорку Кеңешке, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине, Министрлер кабинетине, ошондой эле президентке жолдонду.
«Бишкек шаарынын тургундары, урбанисттер, экологдор жана жарандык активисттер Бишкектин бир катар көчөлөрүн реконструкциялоонун алкагында бак-дарактарды, бадалдарды кыюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге каршыбыз. Акыркы 5 жылдын ичинде биз муниципалдык бийликке жолдорду кеңейтпөө талабы менен бир нече жолу кайрылдык. Бул чара мэрия өзү эл аралык банктар менен биргеликте иштеп чыккан стратегияга ылайык келген туруктуу шаардык мобилдүүлүк принциптерине каршы келет. Жолдорду кеңейтүүнү токтотууну суранабыз, анткени бул чара жол тыгыны көйгөйүн чечпейт, автоунаалардын көбөйүшүнөн улам шаардык мобилдүүлүктү начарлатып, экономиканы, экологияны начарлатып, өлүмгө алып келген жол кырсыктарынын санын көбөйтөөрү далилденген» , — деп айтылат кайрылууда.
Активисттердин белгилешинче, жайы ысык, абанын температурасынын жогорулашы жыл сайын рекорд коюп турган Бишкекте жашыл аймактардын эсебинен “жылуулук аралчалары” деп аталган асфальт төшөөнүн көбөйүшүнө жол берилбейт.
«Дарактар көлөкө, нымдуулук берет, ал эми бадалдар жашыл буфер катары чаңдын булганышын жана унаадан чыккан газдарды азайтып, айлана-чөйрөнүн адамдын ден-соолугуна тийгизген терс таасирин азайтат» деп кошумчалашат алар.
Экологдордун маалыматына караганда, учурдагы иштер жыл бою абанын булганышы менен абалды начарлатат жана Бишкек шаарын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу боюнча эл аралык келишимдерге каршы келет.
«Мувгрин» экологиялык коомдук уюму, «Жөө басуу» урбанисттик уюму, «Урбан хаб Бишкек» урбанисттер коомчулугу жолдордун кеңейтилиши Бишкекти көрктөндүрүү эрежелерин бузуп жатканын белгилешет.
Алар жолдун четинен бактарга чейинки аралык эки метр, ал эми бадал көчөттөрүнө чейин бир метр болушу керек дешет.