Биз менен байланышыңыз

Президент футбол боюнча улуттук курамага автобус берди

Кыска кабар | 7 Июн 2024 | 305 | 0

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасына автобус бергенин президенттик администрациядан кабарлашты.

6-июнда Кыргызстан менен Малайзиянын курама командаларынын ортосунда оюн болду. Анын жыйынтыгында мамлекет башчы футболчулар менен жолугушуп, башкы машыктыруучу Штефан Тарковичке автобустун ачкычын тапшырды.

Жапаров өлкө алдыдагы Оман курама командасы менен боло турган оюндан жеңиш күтүп жатканын белгилеп, эл аралык мелдештерде ийгиликтерди каалады.

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өткөн Кыргызстан – Малайзия оюну тең чыгуу менен аяктаган.

Кыргызстан үчүн голду 24-мүнөттө Гүлжигит Алыкулов киргизди. 38-мүнөттө Кыргызстандын дарбазасына автогол кирип, эсеп теңелди.

Оюн көрүүгө 15 миңге жакын адам барганы кабарланды.

Бул оюн 2026-жылда өтө турган дүйнө чемпионатына жана 2027-жылы боло турган Азия кубогуна тандоо турниринин алкагында өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM