Биз менен байланышыңыз

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу жөнүндө макулдашууга кол коюлду

Кыска кабар | 6 Июн 2024 | 355 | 0

Бүгүн, 6-июнда Кытайдын Пекин шаарында Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстан өкмөттөрүнүн ортосундагы «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу долбоорун биргелешип илгерилетүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.

Макулдашууга Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, Кытайдын өнүктүрүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Чжэн Шанжие, Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов кол коюшту.

Макулдашууга кол коюу аземинин алдында үч өлкөнүн президенттеринин видео кайрылуулары угулду.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров темир жолдун курулушунун башталышын тарыхый окуя деп атап, темир жол Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүн бириктирип, Европа өлкөлөрүнө жана Перс булуңуна жаңы транспорт жолдорун ачарын айтты.

Долбоор Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстанды бириктире турган стратегиялык инфраструктуралык долбоор болуп, Борбордук жана Чыгыш Азиянын ортосунда жаңы кургактык транспорттук коридорун түзөт.

Келишимге кол коюу долбоорду ишке ашыруудагы маанилүү кадам болуп саналат. Ал үч өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун негизги принциптерин жана механизмдерин, анын ичинде темир жолду каржылоону, курууну, эксплуатациялоону жана тейлөөнү белгилейт.

Copyright © 2017 Maral FM