Биз менен байланышыңыз

Айгүл Айдарова «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан чыгарылды

Кыска кабар | 5 Июн 2024 | 435 | 0

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы депутат Айгүл Айдарованы фракциядан чыгарды. Маалыматты аталган фракциядан тастыкташты.

Мындай чечим фракциянын 30-майдагы отурумунда кабыл алынган. «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Исхак Масалиевдин айтымында, депутат Айдарова фракциянын көптөгөн жыйындарына катышкан эмес жана анын пикири фракциянын саясатына дал келбейт.

«Эгер ага эркиндик керек болсо, биз депутатты фракциянын катарынан чыгардык. Аны биздин фракция менен байланыштырбоону өтүнөбүз. Анткени биз үчүн добуш берген шайлоочулар депутаттын жүрүм-турумуна нааразы. Ошондой эле, ачык айтылбай турган  ички маселелер да бар», — деди Исхак Масалиев.

Айгүл Айдрова 2022-жылы 26-январда ант берип, депутат болгон. Ал Жогорку Кеңешке Орозайым Нарматованын ордуна келген.

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын төрт мүчөсү бар, алар – Исхак Масалиев, Гуля Кожокулова, Эмил Токтошев жана Алишер Эрбаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM