Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого байланыштуу казакстандык ишкер, «Вертекс Голд» компаниясынын ээси Владимир Жуманбаевге издөө жарыялады.
Маалыматка караганда, казакстандык ишкер рэкетчилик жолу аркылуу опузалап акча алуу, «адам өлтүрүү», «адам уурдоо» жана «кылмыштуу шериктикти (кылмыштуу уюмду) уюштуруу» беренелери боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттуулугу бар. Ал Кыргызстандын аймагында колдоо алуу максатында биргелешкен бизнес долбоорлорду жүргүзүү үчүн Камчы Көлбаев менен байланыш түзгөн.
2021-2023-жылдар аралыгында алтын казуучу компаниянын жооптуу кызматкерлери анын көрсөтмөсү менен уюшкан кылмыштуу топтун ишин каржылоо катары Көлбаевге ай сайын 1 млн сомдон которуп турушкан.
Ошол эле учурда Жуманбаев Ысык-Көл облусунда жайгашкан «Барс» эс алуу борборунун аймагында К.Асанбек менен бир нече жолу эс алуу жана жолугушууларды өткөрүп, ал жерге жеке учактары менен келген.
Сотко чейинки өндүрүштү иликтөөнүн алкагында Вертекс Голд» компаниясы Кыргызстандын мамлекеттик органдарына алтын кендерин казып алуу жөнүндө жалган отчеттук маалыматтарды киргизгени аныкталды. Соттун токтому менен сыртынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мамлекеттер аралык жана «Интерпол» улуттук борбордук бюросу тарабынан издөө жарыяланды.