Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жалал-Абад облусунун Сузак районунда аялдардын көмүскө диний-экстремисттик түйүнү аныкталганын кабарлады.
30-майга караган түнү Сузак районунун Бек-Абад айылында Кыргызстандын мамлекеттик желектерин атайылап өрттөп жок кылуу, кийин аларды арабча жазуусу бар ак тууларга алмаштыруу фактысы катталган.
1-июнда УКМК менен Ички иштер министрлигинин биргелешкен иш-чараларынын натыйжасында мамлекеттик символикаларды өрттөөнүн уюштуруучулары жана күнөөкөрлөрү аныкталды. Алар Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Бек-Абад айылынын 19 жана 16 жаштагы тургундары жана «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү болуп чыкты.
Кармалган 19 жаштагы А.К.М. 2022-жылы экстремисттик уюмга кирип, 2023-жылдын жаз айларында Бек-Абад айылынын тургундарынын арасынан өз алдынча жаңы жактоочуларды тартуу иштерин жүргүзө баштаган. 2023-жылдын күзүндө 16 жаштагы А.Н. аттуу жаран анын шериги жана окуучусу болгондугу такталды.
Буга чейин уюмдун аялдар канатынын мүчөсү болгон А.К.М. 2024-жылдын январь айынан бери желектерди алмаштыруу жана өрттөө иштерин жүргүзүп келген.
Алар кылмыштуу ниетин жасоо максатында 2024-жылдын жаз айларында Жалал-Абад шаарындагы «Береке» базарынан ак кездеме, «Бек-Абад» базарынан кара маркерлерди сатып алышкан.
30-майга караган түнү араб жазуусу бар ак желектерди даярдашкан. Бек-Абад айылындагы №4, №88 мектептин башкы дарбазаларында, ошондой эле уюлдук оператор мунарасында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желектери алмаштырылган. Андан соң Бек-Абад айылындагы М.Сыдыков жана Ураимжан ата көчөлөрүнүн кесилишинде мамлекеттик желектер өрттөлгөн.
Мындан улам 19 жаштагы аттуу жарандын 1979-жылы туулган апасы Т.М.Ю. жана 1995-жылы туулган агасы А.у.А. кармалды.
Ал эми 16 жаштагы А.Н. тууганынын (таякеси) камкордугунда ата-энесиз өскөн. Ал салттуу исламды карманат.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмыштын уюштуруучусу 19 жаштагы А.К.М. экстремисттик идеологияны Бек-Абад айылынын башка тургундарынан үйрөнгөндүгү такталды. Атап айтканда, 1980-жылы туулган Б.М.Ш. жана 1977-жылы туулган У.З.С. жашы жете электерге үйүндө «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун негиздерин жана идеяларын системалуу түрдө үйрөтүп, ошону менен алардын катарын Бек-Абад айылынын тургундарынын эсебинен толуктап турган.
Кармалгандардын баарына тыюу салынган «ХТ» экстремисттик уюмуна мүчө болуу, айрым адамдарга таратуу максатында экстремисттик адабияттарды сактоо айыбы тагылууда. Ал эми өрттөөнүн уюштуруучусуна мамлекеттик символиканы жок кылуу боюнча да айып тагылды.
Тергөө учурунда бардык кармалган адамдарга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.