Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жасалма интеллекти боюнча түрк тилдүү өлкөлөрдүн саммити өтөт

Кыска кабар | 4 Июн 2024 | 189 | 0

Быйыл 9-10-октябрда Бишкекте түрк тилдүү өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышкан жасалма интеллекти боюнча саммит өтөт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Иш-чара президент Садыр Жапаровдун Астанада өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин уюмунун саммитине катышуусунда бекитилген иш-аракеттердин планын жүзөгө ашыруу максатында өткөрүлөт.

И-чарада жасалма интеллект боюнча актуалдуу маселелер талкууланып, мыкты тажрыйбалар тууралуу сөз болуп, катышуучуларга кызматташуу стратегияларын иштеп чыгуу үчүн ачык аянтча түзүлөт.

Мындан тышкары, атайын уюштурулган көргөзмөдө өнөктөштөрдүн долбоорлорун жана санариптик компаниялардын акыркы иштеп чыгууларын көрсөтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM