Биз менен байланышыңыз

Муфтият Сузакта тууга байланыштуу катталган окуя боюнча билдирүү таратты

Кыска кабар | 3 Июн 2024 | 597 | 0

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Сузак районунда мамлекеттик тууга байланыштуу катталган окуя боюнча билдирүү жасады.

Билдирүүдө эгемендиктин баркын билип, тууну аздектөөгө чакырып, «Алла Таалага чексиз шүгүр, Кыргызстандай ажайып кооз, табияты таза, абасы тунук жана 90 пайыз мусулман калкы жашаган мекенди Жараткан насип кылып, жашоо кечирип келебиз. Мамлекетибиздин эркиндиги, динибиздин эркиндиги Алланын чоң жакшылыгы, белеги», — деп айтылат.

Ошондой эле өлкөдө  мечиттер салынып, азан айтылып, намаздар окулуп, медреселер иштеп, динди эркин жашап жатканы тууралуу да кеп салган.

Мындан сырткары диний баалууктарды, улуттук дөөлөттөрдү бири-бирине каршы койбоого чакырган.

«Кыргызстандын өз алдынча, эгемендүү мамлекет экенин далилдеген негизги белгилери бар. Аларга мамлекеттик туу, герб жана гимн кирет. Дал ушул баалуулуктарыбызды кастарлап жашайлы.

Өлкөбүздүн тынчтыгы үчүн ынтымакта болуп, улут-урууга бөлүнүп-жарылбай, ар кандай провокациялык аракеттерге азгырылбай, сабырдуулук, такыбалык, күнөөдөн сактануу менен өмүр сүрөлү», — деп жыйынтыкталган муфтияттын билдирүүсү.

Copyright © 2017 Maral FM