Биз менен байланышыңыз

Төрт айда коомдук транспорттун катышуусундагы кырсыктан 5 киши көз жумду

Кыска кабар | 4 Июн 2024 | 323 | 0

2023-жыл ичинде коомдук транспорттордун катышуусунда 276 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 623 жаран ар кандай жараат алып, 24 адам көз жумган.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Быйыл төрт ай ичинде маршруттук унаалардын катышуусунда 111 жол кырсыгы катталып, 185 жаран ар кандай жаракаттарды алып, 5 жаран көз жумду. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу бир топ жогору.

Буга байланыштуу өлкө аймагында маршруттук унааларга карата рейд өткөрлүлүп, үч күн ичинде 1 млн 262 миң 500 сомго айып салынды. Анын ичинде каттамга чыгаарда унаасын техникалык кароодон өткөрбөгөндөр, лицензиясы жок каттамга чыккандар, туура эмес жерлерден жүргүнчүлөрдү салып, түшүргөндөр, эл аралык каттамдарга чыгуу учурунда жүргүнчүлөрдү ашыкча алгандар аныкталды.

Copyright © 2017 Maral FM