Connect with us

Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз системасына өзгөртүүлөр кирди

Кыска кабар | 3 Июн 2024 | 198 | 0

Мамлекеттик салык кызматы Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз системасына бир катар өзгөртүүлөрдү киргизди. Маалыматка караганда, онлайн кампага товарларды киргизүү функциясы үчүн киреше булактарынын тизмеси кеңейтилди.

Калктан сатып алуу, кайтаруу, арзандатылган товарлар, кайра сорттоо, өзгөчө режимдеги соода аймагындагы салык төлөөчү, салык контролунун материалдарынын негизинде, сатуу үчүн негизги каражаттарды кириштөө сыяктуу булактар кошулду.

Ошондой эле кампадан товарды эсептен чыгаруу үчүн зарыл болгон себептердин саны көбөйдү. Отун карталары жана талондордун негизинде эсептен чыгаруу, сертификаттардын негизинде эсептен чыгаруу, салык контролунун материалдарынын негизинде, арзандатылган товар, кайра сорттоо, негизги каражаттарды эсептен чыгаруу, гуманитардык жардам түрүндө эсептен чыгаруу, чыгымдоо материалдарын эсептен чыгаруу себептери кошулду.

Эми колдонуучуларга ЭТТКны толтуруу процессинде «автомобилдик» транспорт ыкмасын тандоодо айдоочунун маалыматын көрсөтүүнүн кажети жок.

Мындан тышкары, «Менин маалыматтарым» бөлүмүндө «Айдоочулар» блогу жана ЭТТКны тариздөөнүн жүрүшүндө пайда болгон «ЖБД» жана «Эсеп-фактуранын номери» талаалары алынып салынган.

Ушул жылдын апрель айында чекене сатууну ишке ашырган чакан жана орто ишкердик субъектилер, анын ичинде базарларда жана кичи базарларда, дыйкан чарбаларда, тигүү жана текстиль тармактары үчүн ЭТТКны колдонуу боюнча өзгөртүүлөр жана жөнөкөйлөштүрүү киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM