Биз менен байланышыңыз

Башкы прокурор Курманкул Зулушев отставкага кетти

Кыска кабар | 3 Июн 2024 | 624 | 0

Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев отставкага кеткени кабарланууда. Маалыматтарга караганда, Зулушев бүгүн эмгек жамаатына жыйын өткөрүп, кызматтан кетип жатканын айткан. Анын оставкасынын себеби айтыла элек.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзовдун айтымында, азыркы учурда өлкө башчы Садыр Жапаров башкы прокурор кызмат ордуна прокуратура системасынын кызматкерлеринин ичинен башкы талапкерлерди карап жатат.

Курманкул Зулушев 2020-жылдын 21-октябрында башкы прокурор болуп дайындалган.

2024-жылы 24-апрелде президент Садыр Жапаров Зулушевге кол алдындагыларды туура эмес көзөмөлдөгөнү үчүн сөгүш деп  жарыялаган.

Зулушев быйыл 19-апрелде Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланган.

Copyright © 2017 Maral FM