Биз менен байланышыңыз

Алымкадыр Бейшеналиев экс-депутат Жусупбек Коргонбай уулун соттон утуп алды

Кыска кабар | 3 Июн 2024 | 361 | 0

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жусупбек Коргонбай уулуна карата доо-арызын канаттандырды.

Сот 31-майдагы чечими менен мурдагы депутатты Бейшеналиев тууралуу айткандарын төгүндөп, моралдык чыгым катары 10 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Бул тууралуу жактоочу Кайсын Абакиров тастыктады.

Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 14-марттагы жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар деген сөздөрдү айтып, министрдин жоопкерчилигин кароону сунуштаган.

Алымкадыр Бейшеналиев буга жооп берип, дарыгер катары бардык жарандарды дарылоого милдеттүү экенин, депутат өзүн жеке таарынычына байланыштуу сындап жатканын айтып, аны сотко берген.

Парламенттин 3-апрелдеги жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу жарым саат сөз сүйлөп, саламаттыкты сактоо министри Бейшеналиевди коррупцияга айыптаган. Ушул эле жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

22-апрелде Жусупбек Коргонбай уулу Борбордук шайлоо комиссиясына депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арыз жазган, БШК анын ыйгарым укуктарын 23-апрелде токтоткон.

Жусупбек Коргонбай уулу парламентке №5 Ноокат бир мандаттуу округунан шайланып келген.

Copyright © 2017 Maral FM