Биз менен байланышыңыз

Жаза аткаруу кызматы журналисттин колун кескени боюнча үн катты

Кыска кабар | 30 мая 2024 | 375 | 0

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы журналист Актилек Капаров колун кескилегенин четке какты. Аталган кызмат 30-майда тараткан маалыматта журналист 28-майда сот залына кирерде калемсап менен колдорун чийгилегенин айтып бергени жазылат.

Интернет желесинде ЖАКтын №21 мекемесинде кармалып турган айыпталуучу  Капаров Мааданбек (Актилек) абак бөлмөсүнөн өз өмүрүнө кол салгандыгы тууралуу жаңылык тарап жатат. Аталган айыпталуучу менен маектешүү учурунда ал 28-майда сот залына кирерде калем сап менен колдорун чийгилегенин айтып берген. Ошондой эле, мекеменин кызматкерлерине жана абак бөлмөнүн жашоо шартына арыз-доосу жок экенин оозеки билдирип, түшүнүк кат жазуудан жана медициналык кароодон өтүүдөн баш тартты» , — деп айтылат маалыматта.

Бул фактынын негизинде 30-майда Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү жана Кыйноолорго каршы улуттук борборунун өкүлдөрү келип, айыпталуучу менен маектешип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кетишкенин кабарлышты.

Бүгүн маалымат каражаттарында Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган журналист Актилек Капаров өзүн абактан бошотууну талап кылып, колун кескилеп салганы тууралуу каты тараган.

Copyright © 2017 Maral FM