Elite House курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев УКМКнын тергөө абагынан бошотулганы кабарланды.
Кечээ, 29-майда Бишкектин Октябрь райондук соту Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүлөрүнүн өтүнүчү менен Файзиевди үй камагына чечимин кабыл алганын соттун басма сөз кызматы кабарлады. Ал 4-июлга чейин үй камагында болот.
Жалпыга маалымдоо каражаттары жеке булактарына таянып жазгандай, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу боюнча айыпталган бизнесмен мамлекетке 3 млн доллар төлөгөн.
Тимур Файзиев 2023-жылдын октябрь айында УКМК тарабынан кармалган.