Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда сомдун курсу жогорулап жатат

Кыска кабар | 30 мая 2024 | 365 | 0

Кыргызстанда доллар, евро, рубль, тенгенин сомго карата курсу төмөндөп жатат.

Улуттук банктын 30-майга карата расмий курсуна ылайык, бир доллар 87,70 сом. (0,23 % төмөндөдү)

Евронун  расмий курсу бүгүн— 95,05 сом (0,52 пайызга төмөндөгөн).

Орус рублинин расмий курсу — 0,9874 сом (0,38 пайызга төмөндөгөн).

Казак теңгесинин расмий курсу — 0,1981 сом (0,45пайызга төмөндөгөн).

Улуттук банк 21-майда валюта базарынан 31 млн 500 миң доллар сатып алды. Жыл башынан бери 7 ирет валюта базарынан доллар сатып алынып, жалпы 122 миллион 800 миң доллар алынган.

Copyright © 2017 Maral FM