Биз менен байланышыңыз

Президент: чек араны кайтаруу жөн эле кесип эмес, ыйык милдет

Кыска кабар | 28 мая 2024 | 278 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, чек арачыларды Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Президент куттуктоосунда бүгүнкү күндө, дүйнө жүзү ар кандай жаңы чакырыктар менен коркунучтарга туш болуп жаткан кыйчалыш учурда, чек ара кызматынын ролу болуп көрбөгөндөй мааниге ээ болгонун айтып өткөн.

«Ушул өңүттө биздин чек арачыларыбыз эл аралык аренада кесипкөйлүктү жана эрктүүлүктү көрсөтүп жатканы сыймыктандырат. Биргелешкен машыгууларга катышуу жана башка өлкөлөрдөн келген кесиптештер менен тажрыйба алмашуу чек ара кызматыбыздын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, эл аралык кызматташтыкты жана аймактагы коопсуздукту чыңдоого жардам берет» — деп кошумчалаган.

Ошондой эле учурда мамлекет тарабынан чек ара кызматынын шарттарын жакшыртууга, алардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана заманбап техникалар менен камсыздоого бардык аракеттер көрүлүп жатканын, чек ара инфратүзүмүн модернизациялоо, жаңы технологияларды киргизүү, аскер кызматкерлеринин турмуш шартын социалдык жактан камсыздоону жакшыртуу иштери улантылганын белгилеген.
«Чек араны кайтаруу жөн эле кесип эмес, Мекенди көздүн карегиндей коргоого арналган ыйык милдет. Бул кесипти тандап алгандардын баары өз мойнуна жүктөлгөн жоопкерчиликти жакшы түшүнөт.
Алар келечек муундардын өз Мекенин бекем сүйүүгө, ага берилүү менен кызмат өтөөгө тарбиялануусуна ар дайым үлгү боло алышат.
Бул маанилүү күнү Мекенибиздин чек арасын коргоодо өз өмүрүн берген бардык жарандарыбыздын жаркын элесин таазим этүү менен эскеребиз. Алардын эрдиги эч качан унутулбайт, элибиздин жүрөгүндө түбөлүк жашайт! Ары жооптуу, ары ардактуу кызматыңыздардын ар бир мүнөтү тынч болсун. Мамлекетибиздин, эл-журтубуздун, үй-бүлөңүздөрдүн колдоосу ар дайым эрдиктерге шыктандырсын!

Ант берүү менен тандаган кесибиңиздер, багыт алган жолуңуздар менен ар дайым сыймыктаныңыздар! Көкүрөгүңүздөрдө мекенчилдик сезими өчпөсүн, айкөл Манастын урпагыбыз деген ураан кетпесин!

Кыргызстаныбыздын чек арасы бекем болуп, мамлекетибизде дайыма тынчтык өкүм сүрсүн, күнөстүү өлкөбүз өнүгүү жолунан тайбасын!”, — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Copyright © 2017 Maral FM