Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги тополоң: ИИМдин 20 кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылды

Кыска кабар | 27 мая 2024 | 269 | 0

Бишкекте 17-18-майдагы окуялар боюнча ички иштер министрлигинин 20 кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылды.

Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

27-майда иштер министри Улан Ниязбековдун катышуусунда коллегия өтүп, 13-18-майдагы окуялар каралды.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча корутунду чыгарылып, жалпы 20 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылган маалымдалды.

Алсак, Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБнын 10 кызматкери, анын ичинде башкармалыктын башчысы ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Мындан тышкары, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын 10 кызматкери ар кандай тартип жоопкерчилигине тартылды.

13-майда тергөө-ыкчам тобунун курамында турган кызматкерлерге карата кызматтык иликтөөнүн чечими юридикалык баа берүү үчүн ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Бишкекте 18-майга караган түнү жатаканалардын биринде 13-майда болгон массалык мушташтан улам чет элдик жарандар жана жергиликтүү тургундар арасында тополоң чыккан.

Бул окуядан кийин 40тан ашык адам ооруканага кайрылган.

ИИМдин маалыматына караганда, бул окуялар боюнча 10дон ашык кылмыш иши козголду. Бир катар шектүүлөр кармалды.

https://www.youtube.com/live/8SJksWmZzgY?si=ROqyhL6QmH_gacb-

Copyright © 2017 Maral FM