Биз менен байланышыңыз

Коңшулаштык жана өнөктөштүк мамилеге 20 жыл. Рахмон Жапаровду куттуктады

Кыска кабар | 27 мая 2024 | 203 | 0

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон президент Садыр Жапаровду эки өлкөнүн ортосундагы коңшулаштык жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 20 жылдыгы менен куттуктады.

Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

«Сизге Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы ынак коңшулаштык жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 20 жылдыгына байланыштуу чын жүрөктөн куттуктообузду билдирем. Бул негизги документ мамлекеттүүлүктүн жаңы шарттарында өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелердин укуктук негиздерин бекемдеп, бардык тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу өбөлгөлөрдү түздү.

Келишимдин жоболорун иш жүзүнө ашыруу мындан ары да конструктивдүүлүк, достук мамиле, ынак коңшулаштык, өз ара урматтоо жана эки жактуу ишеним принциптеринин негизинде бул процессти натыйжалуу илгерилетүүгө кызмат кылат деп ишенем» , — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, тажик тарап эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттер аралык диалогду улантууга жана тараптардын көп кырдуу байланыштарын ырааттуу өнүктүрүү боюнча биргелешкен аракеттерге кызыкдар экендиги белгиленди.

Эки тараптуу кызматташтыктын фундаменталдуу документтери болуп негизги мамлекеттер аралык мамилелер жөнүндө келишим (1996-жыл) жана Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Ынак коңшулаштык жана өнөктүк мамилелер жөнүндө келишим (2004-жыл) саналат.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелер болсо 1993-жылдын 14-январында түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM