Биз менен байланышыңыз

IT тармагы айымдарга ыңгайлуубу? Программист айымдар менен маек

Билим-маданият , Блог | 28 мая 2024 | 2314 | 0

«Peaksoft House» окуу борборунун директору Динара Бакир кызы, «EPAM» компаниясынын программиси Ноорузгүл Усенова инновациялык технология жаатындагы мүмкүнчүлүктөр, багыттар жана айымдар үчүн мүмкүнчүлүктөр тууралуу «Маралга» маек куруп беришти.

-Бул тармакка кантип келип калдыңыздар же эмне үчүн тандадыңыздар?   

Динара Бакир кызы: Мен 11-классты бүтүп, бир адистикти тандоого туура келди. Ага чейин хакерлер жөнүндө тасмаларды көп көрчүмүн. Ошондо ал адамдар кыйын, акылдуу жана өзгөчө адамдардай сезилчү. Ошондуктан дагы бул тармакка кадам таштап көргүм келди.

Башында бул тармакты изилдеп көрүп, андан кийин университет тандадым. Раззаков атындагы мамлекеттик техникалык университетин тандап, бюджетке өтүүгө мүмкүнчүлүк болду. Бирок ал жакта беш жыл окуп, программист болуп иштеген жокмун. Себеби турмушка чыгып, балалуу болуп үйдө отуруп калдым. Андан кийин мектепте мугалим болуп иштеп жүрдүм. Ошол эле учурда программист болуу максатым мени тынч койбой жатты. Экинчи балам менен декретте отуруп кайрадан изденип баштадым. Мен дипломумду көтөрүп алып жумушка орношуу үчүн мыкты компанияларга барып жаттым. Бирок ортодон төрт жылдай убакыт өтүп, технология өзгөрүп, менин билимим жумушка орношууга жетишсиз болуп калды. Мен үйрөнгөн көп нерселер унутулуп, кайрадан нөлдөн баштап окуп чыгышым керек болду. «Jyldyz Academy» окуу борборунда «Келечек» социалдык долбооруна өтүп, ошол жакта окуп калдым. Ошол жактан курсту бүтүп, экинчи жолу окуп, андан кийин кайрадан IT тармагына келдим.

— Окууну кайрадан окууга канча убакыт кетти?

Динара: IT тармагын кайрадан окуп чыгуума алты ай убакыт кетти. Ошол учур карантинге туш келгенине байланыштуу биз дагы онлайн окудук. Окуубуз алты айга созулуп, бүтөөрүм менен жумушка стажировкага кирдим.

— Ноорузгүл, сиз кандай болуп бул тармакка келип калдыңыз?

Ноорузгүл Усенова: Мен азыркы учурда үй-бүлөлүүмүн, кичинекей кызым бар. Менин бул тармакка келип калышым да өзүнчө кызык окуя.. Себеби кесибим боюнча лингвист-котормочумун. 11-классты бүткөндөн кийин эле ата-энем Москвада болгондуктан, окуугаошол жакка тапшырып, алар менен чогуу жашап калдым. Кыргызстанга келгениме бир жылдан азыраак убакыт болду.

Университетти бүткөндөн кийин карантин башталып, баардыгыбыз үйдө отуруп калдык. Ошол учурда көпчүлүктүн жумушу кыскарып, айлыгы азайып кетти. Менин дагы жумушумда айлык азайып, көп убакыт үйдө отуруп калдым. Бирок мага IT тармагы анчалык кызык эмес болчу. Себеби мен адамдар менен бат тил табышып, алар менен иштешкен жакчу.

Кийинчерээк баары ордуна келип, кайрадан эле өзүмдүн жумушумду баштадым. Ал аралыкта турмушка чыгып, жолдошум менен кайрадан Орусияга кетүүгө туура келди. Жолдошум мени «айтиге шыгың бар, өзүңдү сынап көрбөйсүңбү» деген сунушун айтып калды. Биз келишип «Яндекстин» акысыз курстарын карап, Phyton тилин тандап, окууну чечтик.

Жолдошум экөөбүз отуруп тапшырмаларды чыгарып жатканда, мен бат эле өздөштүрүп жаттым. Жолдошум «сенин чын эле мыкты шыгың бар, акырына чейин оку» деп суранды. Ошол учурда Москвага «Peaksoft housе» мекемесинин негиздөөчүүсү дагы келип калды. Анын презентациясына барып, Phyton тилин өз алдымча изилдеп көрдүм. Андан тышкары, Америкада көп жылдан бери жашап, программист болуп иштеген Сейитбек Усманов презентеция өтүп берди. Ошол күнү уктабай компаниялар боюнча изилдеп, кандай платформаларды колдонот, айлыгы жана шарттары боюнча изилдеп чыктым. Эртеси күнү курска жазылып, бир ай сыноо мөөнөтү болду. Андан кийин мыкты окуган студенттерди тандап окутуп баштады. Ошентип Сейитбек байкенин «Salesforce» курсун эки ай ичинде өздөштүрүп, эки сертификат алып, үч айдын ичинде жумушка орноштум.

Эң биринчи эле Орусиянын бир IT компаниясында иштеп калдым. Бирок ошол учурда Украина-Орусия арасындагы согушка байланыштуу “Salesforce” толугу менен Орусиядан чыгып кетти. Ошондуктан Кыргызстанга келип калдык. Бул жерден  “IPAM” компаниясына орношуп иштеп калдым.

— Salesforce баштаганда кандай кыйынчылыктар болду? Эмнени көбүрөөк билиш керек экен?

Ноорузгүл: Баардык эле нерсени жаңыдан баштап жатканда кыйын болот. Себеби ал жаатта биринчи жолу тажрыйба чогултуп жатасың. Ошондуктан башында бул тармакта бардык нерсе жаңы болуп, түшүнбөй жаткандыгыма байланыштуу күнүнө 9-10 сааттан ашык бөлгөнгө туура келди. Бизге өз алдынча изилдеп чыгуу үчүн материалдарды берип жатты. Мен үй-бүлөлүү болсом дагы, балалуу боло элек болчубуз. Ошон үчүн да убакыт бөлүү жеңил болду. Кечке чейин отуруп, үч ай бою тынбай окудум.

— Экөөңүздөр IT тармагынын эки башка багытында экенсиздер. Мисалы, сиз «Salesforce» платформасын 3 айда өздөштүрө алсаңыз, фронтенд багытын програмисттер канча айда өздөштүрө алышат?

Динара: Бул тармакка кызыгып көргөн адамдын баары эле өзүнө толтура суроолорду берип көрөт. Бул тармакта менде шык барбы? Же сөзсүз түрдө математика, физиканы мыкты билишиң керекпи? Мындай суроолор мага байма-бай берилип турат. Мен өзүм мектепте математикадан жакшы окуп олимпиадаларга барчумун. Бирок университетке келгенде бир аз кыйналдым. Себеби компьютер басканды билбеймин, көп сабактар орус тилинде болот. Бирок ошого карабай аракет кыла бериш керек экендигин түшүндүм. Бул кесипти бүтүп диплом дагы алдым. Тилекке каршы курска барганда такыр эле жаңы нерселерди окудук.

Ноорузгүл айтып кеткендей, күнүнө 4 сааттан аз эмес убакыт бөлбөсөң эч кандай жыйынтык күтпөсөң болот деп айтмакчымын. Ошол учурда карантинде менин эки кичине балам бар, андан сырткары үйдөгү жумуштарды да аткарышым керек болду. Аларды уктатып коюп, саат 11-12ден баштап таңкы 5ке чейин сабак окучумун. Группалаштарым менен онлайн болсо дагы отуруп алып тапшырмаларды аткарып жаттык. Эс алуу күнгө карабай, көп нерселерди жашоомдо жыйыштырып коюп окууга туура келди. Ошондо гана биз ойлогон жыйынтыкка жетет экенбиз. Мен алты ай окудум. Ошондуктан үч айда ишке ашыруу бир аз кыйын. Ошондуктан мен алты айда жакшы аракет кылсаң жыйынтыкка жетсең болот деп айта алам. Бул нерсе күнүнө канча саат убактыбызды бөлүп окуганга байланыштуу дагы болот.

— Маегиңиздерге чоң рахмат!

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM