Биз менен байланышыңыз

Калкты тейлөө борборлорунда электрондук кезектин жаңы системасы ишке киргизилди

Кыска кабар | 27 мая 2024 | 210 | 0

Бишкек жана Ош шаарларындагы калкты тейлөө борборлорунда электрондук кезектин жаңы системасы ишке киргизилди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Кезектин жаңы системасы ишке киргизилгендигине байланыштуу убакытты онлайн режиминде брондоо үчүн Early One тиркемеси өз ишин токтотот. Бардык брондолгон талондор 2024-жылдын 2-июнунан баштап жараксыз болот.

Электрондук кезектин жаңы системасын киргизүү этап-этабы менен ишке ашырылат. Биринчи этапта талондорду кабыл алуу боюнча кызматкерлерден алууга болот. Мындан ары керектүү кызматтарды өз алдынча тандоо үчүн терминалдарды орнотуу пландаштырылууда.

Жыйынтыктоочу этапта система Tunduk тиркемеси менен интеграцияланат жана республиканын бардык тейлөө борборлоруна жайылтылат, бул жарандарга кезекти алдын ала брондоого мүмкүндүк берет.

Атамекендик электрондук кезек системасы “Инфоком” мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM