Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров «Асман» шаарынын курулушу качан башталаарын айтты

Кыска кабар | 26 мая 2024 | 466 | 0

Ысык-Көлдө «Асман» шаарыны крулушу он чакты күндөн кийин башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Балыкчы шаарынын тургундары менен болгон жолугушууда айтты.

Анын айтымында, былтыр капсула салгандан кийин чет өлкөлүк өнөктөштөр «жашыл шаар» салуу сунушуну айтып, мурдагы долбооруна өзгөртүүлөр киргизилген.

«Былтыр биз капсула салгандан кийин аны көргөн чет өлкөлүк өнөктөштөрүбүздөн жөн эле шаар салып койбой, жашыл шаар салалы деген сунуштар түшүп, мурдагы долбоорлоруна өзгөрүүлөр кирип, курулуштун башталышы бүгүнкү күнгө чейин созулуп келди эле. Азыр дүйнөлүк коомчулук жашыл экономикага, жашыл энергетикага, жашыл талап коюп жатат. Шаар Ысык-Көлгө зыянын тийгизбеши үчүн биз дагы заманбап шаар куруу сунушун кабыл алып, жашыл шаарды баштап жатабыз».

Буга чейин Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев  «Асман» шаарынын курулушу быйыл май айында башталарын айткан.

Ысык-Көлдөгү Асман эко-шаарынын курулушуна 2023-жылдын 30-июнунда капсула салынган. Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев жана чет элдик инвесторлор катышкан.

Ысык-Көл райондагы Чырпыкты айылынын карамагындагы жерге салына турган шаардын аянты 4015 гектарды түзүп, 500 миң-700 миң адамдын жашоосуна ылайыкташат.

«Асмандын» курулушуна алдын ала эсептөөлөр боюнча 20 миллиард доллар сарпталат. Курулуш иштери толугу менен инвесторлордун эсебинен ишке ашырылат.

Алдын ала маалымат боюнча, «Асман шаары» 10 жылда толук курулуп бүтөт.

Copyright © 2017 Maral FM