Биз менен байланышыңыз

Бишкекте ишкерлерге таштандыларды белгисиз жайга таштагандыгы үчүн 371 миң сом айып пул салынды

Кыска кабар | 26 мая 2024 | 134 | 0

Бишкек шаарында муниципалдык инспекция тарабынан таштандыларды белгисиз жайларга чыгаргандарды текшерүү  боюнча рейд жүргүзүлүп, бир катар санитардык нормаларды бузгандар аныкталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-майга карата жалпы суммасы 552 000 сомду түзгөн 49 протокол түзүлдү. Анын ичинен “Укук бузуулар” жөнүндө кодексинин 114-беренесине ылайык антисанитардык абал боюнча 22 протокол түзүлүп, айып пулдун суммасы 226 миң сомду түздү. 115-берененин 1-2 жана 3-беренелерин бузгандыгы үчүн 145 миң 500 сом өлчөмүндө 12 мыйзам бузуу аныкталды.

Свердлов районунун Курманжан Датка көчөсү, 141/1 дарегине башаламан таштанды таштоочу жай пайда болгон. Бул жерге базардын белгисиз ижарачыларынын ишмердүүлүгүнөн чыккан тиричилик жана тамак-аш калдыктары, таштандылар ыргытылат. Жеке ишкер М.К.Бга антисанитардык абал, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесине ылайык үчүн айып салынды.

Ахунбаев жана Көк-Жаңгак көчөлөрүнүн кесилишинде кийинки таштанды таштоочу жай аныкталды. Бул жерде контейнер аянтчасы демонтаждалып, «Таштанды ыргытпа» деген жазуу орнотулган. Ошого карабастан шаардыктар жана айрым чарбалык субъекттер таштандыларды ушул жерге ыргытып келишет.

«Альфа медициналык клиника» ЖЧКсынын кызматкерлери тарабынан ташталган медициналык калдыктар табылган. Аталган ишканага 23 миң сом айып салынган.

«Аль Ансур» кафесинин ээси  тамак-аш калдыктарын чыгаргандыгы үчүн  жоопко  болот. Кафенин ээсине 17 миң сом айып салынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM