Биз менен байланышыңыз

Аксы районуна аймактык деңгээлде өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Кыска кабар | 26 мая 2024 | 252 | 0

Жалал-Абал облусунун Аксы районунун айрым аймактарында сел жүргөндүгүнө байланыштуу 26-майдан тарта аймактык деңгээлде өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдириди.

25-май күнү нөшөрлөп жааган жаандан улам Аксы районунун Кара-Камыш, Сары-Челек, Үч-Коргон айыл аймактарында кокту-колоттордон чогулган сел суулар 56 турак жайдын коросун анын ичинен 6 турак үйдүн жер төлөсүн, 4 турак үйдүн ичине кирип, 3 мал сарай уруп калган.

Ошондой эле Кара-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлүп,  сол жээгин жеп турак жайларга кооптуулук жаралып, жергиликтүү тургундар коопсуз жайга убактылуу эвакуцияланган.

Учурда селдин кесепеттерин жоюу жана кырсыктын алдын алуу иштери жүрүп жатат. Сел кирген турак жайлардын суулары мотопомпанынын жардамында коопсуз жайга чыгарылып, 11 оор инженердик техниканын жардамында  чарбалык жолдорду калыбына келтирүү аракети  көрүлүүдө.

Буга чейин да нөшөрлүү жааган жаандан улам өлкө аймагында бир канча жерде сел жүрүп, дарыялар, суулар ташкындап, сел суулары үйлөрдү каптаган.

Copyright © 2017 Maral FM