Биз менен байланышыңыз

Акын Аскат Жетигендин кыйноого кабылганы боюнча териштирүү жүрүүдө

Кыска кабар | 23 мая 2024 | 458 | 0

Ырчы жана акын Аскат Жетиген тергөө учурунда кыйноого кабылганы белгилүү болду. Мындай маалыматты жактоочусу Самат Матцаков «Маралга» тастыктады.

Анын айтуусунда, Аскат Жетиген бул боюнча Башкы прокуратурага, Акыйкатчыга жана Кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрылган. Учурда Аскер прокуратурасы ишти изилдеп жатат. Тийиштүү экспертиза дайындалды.

«Бүгүн соттук отурум өттү, аны суракка алышты. Аскат Жетиген сөз болуп жаткан видео кайрылуусунда эмне дегиси клегенин түшүндүрүп берди. Андан кийин ишти кароону жылдырышты. Кыйноого кабылганы боюнча айтсам, Аскат Жетиген бул Башкы прокуратурага, Акыйкатчыга жана Кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрылды. Анын кайрылуусу Аскер прокуратурасына жиберилди. Учурда териштирүү соттук-психиатриялык, соттук медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү жүрүүдө» , — деди жактоочу.

Бүгүн Аскат Жетигендин иши боюнча отурум Бишкектин Свердлов райондук сотунда өттү. Кийинки отурум 28-майга белгиленди.

Массалык башаламандыктарга жана бийликти басып алууга чакырык жасоо беренеси менен айыпталып жаткан акын, активист Аскат Жетиген 20-мартта камакка алынган. Аны 16-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кочкордон кармап, Бишкекке алып келген. Социалдык тармактагы видеокайрылуусунун негизинде ага «бийликти басып алууга чакырык жасаган»  деген айып коюлуп, кылмыш иши козголгон.

Copyright © 2017 Maral FM