Биз менен байланышыңыз

Эне жана баланы коргоо борборуна жаңы көп тармактуу корпус курулат

Кыска кабар | 23 мая 2024 | 226 | 0

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун аймагына көп тармактуу корпустун курулушу башталат. Долбоорго ылайык, оорукана 350 орунга эсептелген.

Изоляторлору бар кабыл алуу бөлүмү, гемопоэтикалык өзөк клеткаларын трансплантациялоо бөлүмү, онкология жана онкогематология үчүн реанимация бөлүмү, паллиативдик терапия бөлүмү, травматология, ортопедия жана микрохирургия, боорду трансплантациялоо менен гастроэнтерология бөлүмү, адистештирилген жардам бөлүмү болот.

Бул борбор бала менен эненин ден соолугун коргоо, акушердик жана гинекология, педиатрия жана балдар хирургиясы боюнча саламаттыкты сактоо органдарына уюштуруу-методикалык жактан жардам берет.

Ооруканада ар бири 30-35 керебетке эсептелген 10 клиникалык жана аларды тейлеген 7 параклиникалык түзүмдөр жайгашат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM