Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы: Сот, укук коргоо органдарына даттануулар көбөйдү

Кыска кабар | 21 мая 2024 | 181 | 0

Кыргызстандыктар укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракеттерине же аракетсиздигине карата көбүрөөк арыздана баштады. Бул тууралуу Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын отчетунда айтылат.

Эң көп даттануулар Ош облусунун тургундарынан түшкөн. Маалыматка караганда, 2023-жылы 265 кайрылуу болгон.

Анын ичинен Ош облусунун тургундарынан 34, Бишкек шаарынан 19, Ысык — Көл облусунан 16, Таластан 11, Баткен облусунан 3 даттануу түшкөн.

Жаза аткаруу мекемелериндеги кызматкерлерге карата 182 даттануу түшкөн.

Даттануулардын басымдуу бөлүгү тергөөнү объективдүү эмес жүргүзүү, себепсиз создуктурууга, чара көрүлбөй калган учурларга карата болгон.

Акыркы үч жылда сот органдарына кайрылуулар жалпы даттануулардын 40-45 пайызын түзгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM