Биз менен байланышыңыз

Иран бийлиги президенттин каза тапканын расмий жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 20 мая 2024 | 519 | 0
Ирандын президенти Ибрахим Раиси тик учак кырсыгынан улам каза тапты. Бул маалыматты Ирандын вице-президенти Мухаммед Мухбир жарыялады.
«Ирандын президенти жана аны коштогон делегация тик учак кырсыгында каза тапты. Биздин президентибиз Ибрахим Раисини алып бара жаткан тик учак Ирандын түндүк-батышындагы тоолуу аймактакырсыктап, анда өлкө башчы менен кошо Ирандын тышкы иштер министри Хуссейн Амир Абдоллахиян да каза тапты. Президентти жалпы 8 делегация коштоп барган», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 19-майда Иран президенти тик учак менен Азербайжанга учуп келген. Анда Азербайжан президенти менен Илхам Алиев менен жолугушуп, Иран менен Азербайжандын чек арасына курулган суу сактагычтын ачылышына катышкан.

Иш сапардын кайткан учурда, коюу тумандан улам тик учак Иран-Азербайжан чек арасындагы тоолуу аймакка конууга мажбур болгону айтылган.

Ирандын расмий маалымат булактары коюу туман куткаруу иштерин кыйындатканын жазды. Ал эми Түркиянын «Акынжы» учкучсуз учагы жардамга келип, тик учак кырсыктаган жайды аныктоого жардам бергени айтылды.

63 жаштагы Ибрахим Раиси 2021-жылы президент болуп шайланган. Ал эки турга созулган шайлоо процесси менен келген. Бийликке келгенден кийин бийликке каршы нааразычылык акцияларына чыккандарга карата катаал жазалары менен таанымал.

Ирандын президенти каза болгон учурда анын ордуна ким өлкөнү башкарат?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM