Биз менен байланышыңыз

Экологиялык көйгөйдү чагылдырган балдар чыгармасы кыргызчаланды

Кыска кабар | 15 мая 2024 | 133 | 0

“Китепстан” басма үйү тарабынан британиялык жазуучу Ханна Голддун балдарга арналган «Акыркы аюу» китеби кыргызчаланды.

Китепте экология көйгөйлөрү, анын ичинде таштанды, глобалдык ысынуу, жаныбарлардын жок болуу коркунучу сыяктуу маселелер чеберчилик менен берилген. Чыгарманын баш каарманы кичинекей кыз Эйприл менен жапайы жаныбар аюунун кыйышпас ынак достугу сүрөттөлгөн.

«Акыркы аюу» — Ханна Голддун Түндүк уюл алкагынын катаал чөйрөсү тууралуу жазган укмуштуудай дебюту. Китеп сүрөттөр менен коштолуп, 11 жаштан жогору балдарга сунушталат. Чоңдор үчүн да кызыктуу чыгарма.

Долбоордун жетекчиси: Бакытбек Абдуллаев, котормочу: Насыпбек Асанбаев, редактор: Жетиген Асанбек, корректор: Айжан Алмазбекова, акыркы окуган: Нузара Азат, калыпка салган: Таттыбүбү Ырысбай.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM