Биз менен байланышыңыз

Көл жээгиндеги скутерлерди иретке келтирүү сунушталды

Кыска кабар | 15 мая 2024 | 191 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов парламенттин 15-майдагы жыйынында Ысык-Көлдөгү пансионаттарда көл жээгинде жүргөн скутерлерди иретке келтирүү маселесин көтөрдү.

Ал адам өмүрү кыйылган учурлар буга чейин катталганын, баарын бир жерге чогултуу керек деген сунушун айтты.

«Ысык-Көлдө жай мезгилинде жашоочулар, туристтер эс алып жаткан учурда ар бир пасионатта көл жээгинде скутерлер жүрөт. Ошолорду бир иретке алып келүү керек. Себеби айдап жүргөн адам ошол жерде эс алып жүргөндөрдү сүзүп кетип, адам өмүрүн алган учурлар болду. Башка өлкөлөрдө баары бир жерде экен, Чолпон-Атада кайыктар турган клуб бар, баарын ошол жерге киргизип койсун, ижарага берип иштете берет. Ал эми пансионаттар тынч болушу керек» , — деди депутат.

Өткөн жылы Ысык-Көлдө эс алуу учурунда скутердин айдоочусу башкара албай, эс алуучуларды сүзүп кеткен учур катталган. Оор жарат алып, каза болгон учурлар да болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM