Биз менен байланышыңыз

Касаболотов: Олжобай Шакир боюнча чыккан сот чечими түшүнүксүз

Кыска кабар | 14 мая 2024 | 283 | 0

Жазуучу, акын, публицист Олжобай Шакир «массалык башаламандыктар» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылды.

Мындай чечимди 14-майда Аламүдүн райондук соту чыгарды. Сот Олжабай Шакирдин убактылуу кармоочу жайда 9 ай отурган бир жарым жыл деп эске алып, үч жарым чылга эркинен ажыратты. Ал эми жалпы алганда беш жылга эркинен ажыратты.

Олжобай Шакир 2023-жылы 21-августта «РухЭш TV» Ютуб-каналы аркылуу кайрылуу жасап, азыркы бийликти сындаган. 23-августта УКМКга суракка чакырылып, Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (массалык башаламандыктар) менен айыпталып, камакка алынган.

Акын, котормочу, аналитик-журналист Жыргалбек Касаболотов Олжобай Шакирге чыккан өкүм боюнча пикирин билдирди.

Аламүдүн райондук соту жазуучу Олжабай Шакирди беш жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды. Сиз муну кандай кабыл алдыңыз?

-Акын, жазуучу экендигине карабай анын сөзүндө бийликти басып алууга чакыруу болсо, ага чара көрүү зарыл. Мен Олжобай Шакирдин ошол айтылып жаткан видеосун толук көрүп чыктым, анда бийликти күч менен басып алууга эч кандай чакырык көрө алган жокмун. Ал эми экспертиза эмненин негизинде чыкканы мага таң калычтуу. А эгер ошол видеосунун негизинде чыккан болсо, анда түшүнүксүз чечим.

-Олжобай Шакирге чыккан сот чечими бийликке сын айткан жазуучу, акындарга карата ?

— Жазуучу катары эле эмес, бийликке сын айткандарга карата прецедент түзүлдү деп да айта албайбыз. Буга чейин да мындай болуп келген. Нааразычылык акциясына чакыруу, бийликти басып алууга карата чакырык эмес. Митингге чакырууга тыюу салган болсо, анда андай укукту баш мыйзамдан алып салуу керек. Баш мыйзамда митингге, тынч чогулганга ар бир жарандын укугу бар деп жазылып турат. Андай укукту буга чейин бир топ саясатчылар колдонушкан, анын ичинде азыркы бийликтелгилер да пайдаланган. Кээ бирлери соттолуп чыккан, кээ бирлери убагында ошондой акциялардын ичинде активдүү жүрүшкөн. Аларга болот, башкаларга болбойт деген нерсе мыйзамда жок.

24-августта Биринчи Май райондук соту аны эки айга абакта калтыруу чечимин чыгарган. 13-сентярбда иш Бишкек шаардык сотунда каралып, судья Олжобай Шакирдин камакка алынышын мыйзамдуу деп тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM