Connect with us

Диний чөйрөдө мамлекеттик тил саясаты кандай жүрүүдө?

Коом | 14 Май 2024 | 700 | 0

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата «Диний чөйрөдөгү мамлекеттик тил саясаты» аталышындагы кереге кеӊеш өткөрдү. Ага коомдук ишмерлер, тилчи жана дин таануучулар катышты. Анда мамлекеттик тилдин бүгүнкү абалы жана дин чөйрөсүндө мамлекеттик сил саясаты тууралуу маселелер талкууланды. Анда айрым катышуучулар тилди сактоо үчүн ар бир жаран милдеттүү экендигин айтышса, кээ бири диний котормо китептерде мамлекеттик тилдин грамматикасы так сакталбай, каталар бар экендигин айтышты. Ал арада көйгөйлөр гана айтылып, аны чечүүнүн жолдору айтылбай жатканын да сындагандар болду.

Адистер диний чөйрөдө мамлекеттик тилдин колдонулушу, диний терминдердин кыргызча аталыштары жана котормо маселелерин талкуулады.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев алдыда диний сөздөрдүн сөздүк түшүндүрмөсүн иштеп чыгуу паландалып жатканын маалымдады.

«Мамлекеттик тил комиссиясынын тарыхында биринчи жолу «Диний чөйрөдөгү мамлекеттик тил саясаты» аталышындагы кереге кеӊеш болду. Биз алдыда диний сөздөрдүн сөздүк түшүндүрмөсүн, терминдердин камтыган сөздүк түзсөк деген максатыбыз бар. Биз бул кереге кеңеш менен эле токтоп калбайбыз. Бул биздин алгачкы кадамыбыз, кандай гана тармак болбосун мамлекеттик тил өзүнүн татыктуу ордун ээлеши керек деген ойдобуз».

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев араб тилинен кыргыз тилинде адабий тил нормасына кирип калган сөздөр да бар экендигин белгиледи.

Ошондой эле ал алдыда терминдерди жолго салуу маселеси каралып жатканын, бирок айрым сөздөрдү которууга мүмкүмкүн эместигин айтат.

Жалпысынан алганда, Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгында диний мекемелерде документ иштери мамлекеттик тилде жүргүзүлөөрүн кошумчалады.

«Диний чөйрөдө тил саясаты жогорку деңгээлде баратат. Ооба, айрым сын-пикирлер терминология жаатында бар. Биз алдыда «40 кадам» деген беш жылдык план түздүк, ошонун ичинде бул маселе да бар. Бул убакка чейин деле араб тилинен кыргыз тилине сөздөр которулуп келе жатат. Айрым сөздөр кыргыз адабий тилдик нормага да кирип, эл ичинде кеңири тараган. Мисалы, метеп, калем, медресе, адеп, адал жана башка сөздөр кенен тараган. Алдыда биз жалпы сөздөрдүн, терминдердин түшүндүрмөсүн камтыган сөздүк чыгарууну пландап жатабыз. Ал эми кээ бир сөздөр бар аларды которууга мүмкүн эмес, ал бардык жерде окшош колдонулат, Которсок мааниси жоголуп кетет. Биз анын түшүндүрмөсүн гана жазып коеобуз. Ал эми муфтиятта дээрлик бардык документтер, мечиттерде баяндар мамлекеттик тилде жүргүзүлөт».

Ошондой эле талкуу учурунда араб тилинен кыргыз тилине которулган, муфтияттын мөөрү менен чыгарылган айрым китептерде каталар бар экендиги, муфтият буга маани берүүсү зарылдыгын айтышты.

Ал эми Самидин кары Атабаев бул маселе боюнча мындай жооп берди:

«Диний китептерди салтуу Исламга, Ханафий масхабы, Матрудий акыйдасына туура келеби же жокпу деген маселени карайбыз. Себеби ар кандай көз караштагы агымдар бар, ошолор кирип кетпедиби деген жагын гана карайбыз. Ал эми грамматикалык, лексикалык жагын котормочулар, редакторлор караш керек».

Жыйында мамлекеттик тилдин бүгүнкү абалы кейиштүү экенин айткан Кыргыз Эл артисти, композитор, публицист Түгөлбай Казаков ар бир маселени айткандан кийин анын чечүү жолун да кошо сунуштоого чакырды. Ал жөн гана көйгөйдү айтуу менен маселе чечилбестигине токтолду:

«Бул жерде көйгөйлөрдү санап, санап эле кете бергенден пайда жок. Ошондуктан көйгөй көтөргөндөр ошол маселелердин чечүүчү жолун кошо айтсаңыздар. Жакшы бир сөз бар: «эки эссиз жолугушса, бири-биринен кемчилик издейт, эки эстүү жолугушса, маселенин чечүү жолун издейт» деген. Көйгөй көчөдө деле, башка жерлерде дале айтылып жатат. Менимче кыргыз тили адабий тил менен эле сүйлөшүү тилинин деңгээлинде гана калып калды. Медицинанын тили, экономиканын, техниканын жана башка багыттагы тил деген дың бойдон жатат. Ушул маселени мамлекеттик деңгээлде колго алып, чечпесек кыгыз тили иштебейт!»

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча маселе ар дайым актуалдуу болуп келет. Аны менен катар аталышы орус тилинде болгон айыл аймактар, көчөлөрдүн аталыштарын кыргыз тилине өзгөртүү көйгөйү да бир канча жылдан бери козголуп келүүдө.

Бишкек шаарындагы райондордун аталышын кыргызча аталышка өзгөртүү маселеси көтөрүлүп, ишке ашпай калган.

Copyright © 2017 Maral FM