Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров Кумтөргө барды

Кыска кабар | 7 мая 2024 | 148 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кумтөр» ишканасына барды. Машина оңдоочу жайына барып, жаңы экскаваторлорду куроо жана май куйуучу бекеттердин абалы менен таанышты.

Министрлер кабинети Кумтөрдүн май сактоочу кампаларын жана май куючу бекеттерин автоматташтыруу долбооруна ылайык, канча күйүүчү май колдонулганыдыкат көзөмөлдөн өтөрүн билдирди. Учурда кендеги өндүрүштү үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн 800дөн ашуун ар кандай техника, транспорт каражаттары жана жабдыктар колдонулат.

Үстүбүздөгү жылдын февралында Кумтөр кенинде алтынды жер астынан казып алуу долбоору башталган. Долбоор жер астынан 115 тоннага жакын алтын чыгарууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары ишкананын алтын ылгоочу фабрикасына кирип чыккандарды көзөмөлдөгөн рентген аппараты сыяктуу жаңы жабдыктар орнотулду.

2026-жылдан тарта кендин калдык сактоочу жайында жайгашкан руда калдыктарынан алтын казып алууну баштоо пландалып жатканы айтылды. Алдын ала эсептөөлөр боюнча кошумча 120 тонна алтын алууга мүмкүнчүлүк бар.

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Кумтөр кенинен 13,567 тонна алтын өндүрүлгөн. Анда компаниянын жалпы кирешеси 848 млн доллар болсо, таза кирешеси 302,5 млн долларды түзгөн.

Өткөн жылы өлкөнүн бюджетине Кумтөрдөн 17,2 млрд сом түшкөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM