Биз менен байланышыңыз

Лейлек: Ак-Суу каналы курулуп бүтсө, 100 гектардай жер өздөштүрүлөт

Кыска кабар | 30 Апр 2024 | 114 | 0
Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Суу айыл өкмөтүндө Ак-Суу каналынын курулушу уланууда. 2500 метр узундуктагы аталган каналдын курулушу бүткөрүлсө, Жеңиш, Ак-Суу айылдары жана эгин аянттары сел коркунучунан корголот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган каналдын курулушу бүтсө кошумча 95 гектар жер аянты өздөштүрүлмөкчү.

Ак-Суу каналынын курулушунун жүрүшү менен Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев дагы жеринен таанышты. Учурда бул долбоордун курулуш иштеринин алгачкы этабы башталып, техникалар иштеп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM