Биз менен байланышыңыз

Синтетикалык баңги каражатын саткан кыргызстандык кармалды

Кыска кабар | 26 Апр 2024 | 98 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эл аралык баңгизат тобунун мүчөсү  К.у.А. кармалганын кабарлады.

Маалыматка караганда, Чүй облусунун Пригородное жана Достук калктуу конуштарынын ортосундагы «Манас аэропорту – Бишкек шаары » авто жолунда Кыргызстандын 1995-жылы туулган К.у.А. аттуу жараны кармалып, андан жалпы салмагы 2 кг болгон «Мефедрон» синтетикалык баңги каражаты табылды.

Аталган заттын 1 граммы базар баасында 6000 сомду түзөт, жалпысынан табылган жүктүн наркы 12 млн сомго жетет.

УКМК бүгүнкү күндө синтетикалык бангизаттардын жаңы түрлөрү көбөйгөнүн, интернет мессенджерлер, социалдык тармактар аркылуу жаштардын көпчүлүлүгү азгырылып жатканын билдирди. Буга байланыштуу ата-энелердибалдарына карата сак болууга, алардын убактысын жана чөйрөсүн көзөмөлгө алууга, ошондой эле түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүүгө чакырды.

Кылмыш-жаза кодексине ылайык, аталган кылмыш үчүн жашы 14 жаштан ашкан адамдар 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылып, мүлкүн конфискациялоо менен кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Азыркы учурда жогоруда аталган баңги каналынын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM