Биз менен байланышыңыз

Шакиев: Кыргызстан Монголияга айыл чарба азыктарын экспорттоого кызыкдар

Кыска кабар | 24 Апр 2024 | 81 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Монголияга расмий сапарынын алкагында 24-апрелде өлкөнүн премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ менен жолугушту.

Анда Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, тараптар кызматташтыктын келечеги тууралуу ой бөлүштү.

Нурланбек Шакиев Кыргызстан Монголияга айыл чарба азыктарын экспорттоого кызыкдарлыгы, бул үчүн соода-логистикалык жана транспорттук маселелерди ыкчам чечүү зарылдыгын айтты.

Тоо-кен өндүрүшү боюнча эки өлкө тең кызматташууга кызыкдарлыгын билдиришти.

Ал эми Монголиянын Премьер-министри Кыргызстан менен соода байланышын арттыруу башкы максат экенин белгилеп, баалуу металлдарды өндүрүү боюнча тажрыйба алмашуу жана биргелешип иш жүргүзүүнү сунуштады.

Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңешинин депутаттары 23-апрелде Монголия мамлекетине расмий сапар менен барышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM