Бишкекте 25-апрелден тарта карызы бар абоненттердин электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактары ишканасынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, учурда 5 миңден ашык тиричилик абоненттеринин электр жарыгына карызы бар.
Керектөөчүлөр электр жарыгына карызы бар-жогун “Абоненттин балансы” рубрикасынан же болбосо “Мой свет” тиркемесинен көрө алат.
Электр энергиясы үчүн төлөмдөр атайын кассалардан сырткары:
- Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MSТС (Касса-24), Megacom, О!, “Оңой” төлөм терминалдарында,
- О!, MegaPay, UMAI, “Элсом” электрондук капчыктарында,
- “РСК Банк”, “Керемет Банк”, “Дос Кредо Банк”, “Бакай Банк”, “Кыргызстан”, “Халык Банк”, “КICВ Банк”, “Оптима Банктын” “Кыргызпочтасы” ишканасынын кассаларында кабыл алынат.
Бишкек электр тармактар ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү кечиктирбестен өз убагында төлөөгө чакырат.