Биз менен байланышыңыз

Президент башкы прокурор менен экология министрине сөгүш берди

Кыска кабар | 24 Апр 2024 | 285 | 0

Президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушев менен жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялады.

Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы 24-апрелде кабарлады.

Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен президенттик администрацияда түзүлгөн комиссия прокуратура органдарынын айрым кызматкерлеринин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтык катында жазылган экология министрлигине караштуу лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын ишине кийлигишүү фактыларын карап чыгып, фактылар тастыкталганын билдирген.

Буга байланыштуу президент кол алдындагыларды туура эмес көзөмөлдөгөнү үчүн башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана экология министри Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялаганы белгилүү болду.

Мындан тышкары, Башкы прокурорго өзүнүн орун басары Кубан Адыл уулун ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуш киргизүү тапшырылды.

Коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Мирлан Майтпасовго сөгүш берүү сунушталды.

Коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыктын экология чөйрөсүндө ишкерлердин укуктарынын жана мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын башчысы А.Аликуловго сөгүш берүү каралган.

Комиссиянын курамына президенттик администрациянын укуктук камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Мурат Укушев, Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын башчысы Азамат Осмонов, соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Сулайманкулов,  президенттин жардамчысы Азамат Апсатаров кирген.

Copyright © 2017 Maral FM